• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарындагы мечиттерде жана коомдук транспорттордо дезинфекциялоо иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 13.03.20. /кабар/. Ош шаарындагы мечиттерде жана коомдук транспорттордо дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери Ош шаарындагы 78 мечитте, 3 медресе, 14 намазканада, 4 диний окуу борборунда, 6 диний коомдук уюмдарда санитардык-гигиеналык абалды көзөмөлдөө менен дезинфекциялоо иштерин жүргүзүштү.

Андан тышкары, КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан коронавирус илдетинин алдын алуу боюнча даярдалган плакаттар мечиттерге таркатылып берилди. Ал эми, “Сулайман-Тоо” борбордук мечитинде шаардык казыят тарабынан коронавирус илдетинин алдын алуу боюнча масштабдуу жыйын өткөрүлүп, имамдарга тиешелүү тапшырмалар берилген.

Ошондой эле атайын адистер тарабынан шаардагы коомдук транспортторду, автобус жана троллейбустарды дезинфекциялоо иштери жүрүп, ар бир коомдук транспортко коронавирус илдетинин алдын алуу боюнча даярдалган плакаттар илинген.

Пикир

Оставить комментарий