• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облусунда 80ден ашуун көмүр сатуучу пункттар уюштурулган

Аймак 0

Бишкек, 16.09.20. /Кабар/. Баткен облусунда 80ден ашуун көмүр сатуучу пункттар уюштурулган. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-2021-жылдын күз-кыш мезгилине калкка жана социалдык тармактарындагы мекеме- ишканаларга жалпысынан 120 миң тонна көмүр керектелет. 2020-жылдын январь-июль айларында облустун аймагында 255,7 миң тонна көмүр казылып алынды. Жыл аягына чейин 450 миң тонна көмүр казып алуу божомолдонууда. Ошондуктан көмүр менен камсыздоо маселе жаратпайт.

Карьер ыкмасы менен казылган 1 тонна көмүрдүн баасы жайында 2,7 миң сомдон болууда, ал эми шахталардан чыккан көмүр 2,8-6 миң сомго чейин сатылууда.

Бюджеттик тармактагы мекеме-ишканаларды көмүр менен камсыз кылууда бардык аймактарда сынактар өтүп, түзүлгөн келишимдердин негизинде көмүр отун сатып алууга керектелүүчү акча каражат такталган.

"Бүгүнкү күндө билим берүү тармагына керектелүүчү 11,6 миң тонна көмүрдүн 1,98 миң тоннасы же 17%ы кампаларга киргизилди. Ал эми керектелүүчү 47,9 млн сом акча каражатынын 13,7 млн сому каржыланып 28,9% түздү. Анын ичинен жергиликтүү бюджеттин эсебинен 7,4 млн сом, республикалык бюджет эсебинен (теңдештирүү гранттын эсебинен) 6,5 млн сом көмүр сатып алууга которулган.

Саламаттык сактоо тармагына жалпысынан 2118,7 тонна көмүр керектелсе, иш жүзүндө 691,7 тонна даярдалып, тапшырма 32,6% аткарылды. Саламаттык сактоо тармагында 16 ирилештирилген медициналык борборлорунда 182 (89 ГСВ, 92 ФАП) мекеме камтылган. Негизинен саламаттык сактоо тармагында 219 имараттын 156 обьекти көмүр менен жылытылат", - деп айтылат билдирүүдө.

Аймактын климаттык шартка байланыштуу көмүр запастарын камдоо сентябрь-октябрь айларда аткарылышы пландалууда.

Электр тармагында авариялык учурларда облустун аймагында коронавирус инфекциясы жана пневмония менен ооругандарды дарылоо объектилеринде электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпоо максатында альтернативдик дизелдик генераторлорлор менен камсыздоо жөнүндө тапшырма тийиштүү аймактык башкармалыктардан талап кылынууда. Жалпысынан ооруканаларда 39 электрогенератордон 31и жарактуу.

Мындан сырткары, мектептерде окуу жылдын биринчи чейрегиндеги окуу процесстери телеканалдар аркылуу дистантык режимде жүргүзүлүп баштаганына байланыштуу, окутуу убагында электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпоо талаптары эске алынууда.

Калкты көмүр менен камсыз кылууда областын аймагында 58 стационардык жана 24 мобилдик көмүр сатуучу пункттар кызмат көрсөтүүдө. Отчеттук мезгилге карата жергиликтүү калк тарабынан 32,6 миң тонна же 36,4% көмүр запастары камдалды.

Пикир

Оставить комментарий