• 88.68
  • 95
  • 0.95

Айыл чарба министрлиги Орто-Токойдогу суунун азайышы боюнча түшүндүрмө берди

Аймак 0

Бишкек, 03.08.23. /Кабар/. Айыл чарба министрлиги Орто-Токой суу сактагычындагы суунун азайышы боюнча түшүндүрмө берди.

Ведомствонун билдирүүсүнө таянсак, өткөн жылдардын статистикасына ылайык, cуу сактагычтарда кое берилген суунун суммардык көлөмү 1-августка карата төмөнкүдөй түзүлдү:

  • 2021-жылы – 817.45 млн. м3
  • 2022 - жылы – 724.83 млн. м3
  • 2023-жылы – 687.87 млн. м3

Башкача айтканда, 2021-жылдагы суу аз мезгилге салыштырмалуу суу сактагычка суунун агып келүүсүнүн төмөн көрсөткүчтөрүнүн кесепетинен суу менен камсыздоо 130 млн.м3 га азайган.

Ушул жылдын вегетация мезгили аяктагандан кийин Чу дарыясынын бар болгон суу ресурстары 2024-жылдын вегетация мезгили башталганга чейин (күз-кыш жана жаз мезгилдеринде) Орто-Токой суу сактагычында суу топтоого багытталат.

Орто-Токой суу сактагычында суунун топтолушу аба ырайынын шарттарына жана Чу дарыясынын суусуна жараша болот.

Пикир

Оставить комментарий