• 88.68
  • 95
  • 0.95

Оштун Заднепровский көчөсүндө тротуарлар реконструкцияланууда

Аймак 0

Бишкек, 14.07.22. /Кабар/. Ош шаарында Заднепровский көчөсүнүн Ленин көчөсүнөн Алиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жолдун эки тарабындагы тротуарларды реконструкциялоо иштери жүрүп жатат.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын узундугу 850 метр, тротуарлардын туурасы 2,3 метр. Учурда Курманжан-Датка көчөсү менен кесилишинен Ленин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө тротуарды асфальттоо иштери жүрүүдө.

Эске салсак, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов тарабынан бекитилген иш-чаралардын графигинин негизинде быйылкы жылы Ош шаарында 38 көчөгө тротуар куруу жана реконструкциялоо иштери пландалган.

Пикир

Оставить комментарий