• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы суткада 17 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 14.07.22. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада 17 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Чүй облусунда 9, Ош облусунда 1, Талас облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 3, Баткен облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 19 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Кара-Көл шаарында кафенин жыгач устундуу тунуке менен жабылган 11,25 чарчы метр отун кампасы толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Кызыл-кыя шаарында Volkswagen үлгүсүндөгү жеңил унаа күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.

Балыкчы шаарында Бишкек - Балыкчы унаа жолунда Volkswagen Passat үлгүсүндөгү жеңил унаанын кыймылдаткыч тарабы толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий