• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мектепке чейинки 60 өнүктүрүү борборун түзүү үчүн 90го жакын өтүнмө келип түштү

Коом 0

Бишкек, 14.07.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорунун алкагында өлкө боюнча түзүлүүчү мектепке чейинки 60 өнүктүрүү борбору (3 сааттык кыска мөөнөттүү бала бакчалар) үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алууну токтотту.

Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу жана көзөмөлдөө бөлүмү билдиргендей, долбоор башталгандан бери министрликке жергиликтүү бийлик органдарынан 90го жакын өтүнмө келип түштү. Анын ичинен:

  • Баткен облусунан - 4;
  • Жалал-Абад облусунан - 19;
  • Ош облусунан - 12;
  • Талас облусунан - 16;
  • Чүй облусунан - 7;
  • Ысык-Көл облусунан - 20;
  • Нарын облусунан - 9.

Министрликтин алдында түзүлгөн атайын комиссия келип түшкөн документтердин толуктугун жана тандоо критерийлерине шайкештигин карап жатат. Жакынкы күндөрү жыйынтык чыгарылып, түшкөн арыздардын ичинен 60ы тандалат.

Белгилей кетсек, балдарды өнүктүрүү борборлорун түзүү үчүн жергиликтүү бийлик өзүнүн балансындагы же башка колдонулбай турган мамлекеттик имаратты (авариялык эмес абалдагы) керек болгон документтердин топтому менен сунуштайт.

Мектепке чейинки балдарды өнүктүрүү борборлорун алыскы, бала бакча менен камсыздоо төмөн болгон аймактарда ачуу пландалган. Бул борборлор 3-5 жаш курактагы 3000ден ашуун баланы камтый алат.

Пикир

Оставить комментарий