• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кадамжайда киши колдуу болгон өспүрүм кыздын сөөгү табылды. Шектүүлөр кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 05.09.22. /Кабар/. Кадамжайда киши колдуу болгон 14 жаштагы өспүрүм кыздын сөөгү табылды . Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма өз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 4-сентябрда саат 15:25 чамасында Кадамжай райондук милициясына телефон аркылуу Кадамжай районунун Ноогардан айылында жайгашкан бакчанын багында белгисиз аял кишинин сөөгү жаткандыгы маалымдалган.

Аталган маалымат Кадамжай районунун ички иштер бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган.

Маалым болгондой, окуя болгон жерге кароо учурунда колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп киши колдуу болуп өлтүрүлгөн кыздын сөөгү табылган. Ал Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургуну 2008-жылы туулган К.А. аттуу кыз экендиги аныкталып, өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Жогорудагы факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту ("Адам өлтүрүү") менен каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иши боюнча ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 1997-жылы туулган М.Ш. 1995-жылы туулган Г.Д. жана 1998-жылы туулган А.у.С. аттуу тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ал эми кылмыш иши боюнча далилдерди алуу максатында Кадамжай районунун тургуну 1995-жылы туулган Г.Д. аттуу шектүүнүн үйүнө кечиктирилгис жагдайда тинтүү жүргүзүлүп, анын “Хундай-Соната” үлгүсүндөгү унаасы далил катары алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий