• 88.68
  • 95
  • 0.95

Майлуу-Сууда 1,8 миң батирдин жылуулугу өчүп калган

Аймак 0

Бишкек, 13.01.23. /Кабар/. Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарында 1,8 миң батирдин жылуулугу өчүп калган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда абоненттерге жылуулук газ жана электр энергия аркылуу берилүүдө.

Эскерте кетсек, Майлуу-Сууда 12-январда калкты таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Тактап айтканда, таза суу сактагычында түтүктөр тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөгөн. Шаардыктарга берилүүчү суунун көлөмү азайып, №1, 3, 4 отканаларда жылуулук берүү системасына суу толук келбей калган.

Бүгүн 13-январда шаардын Жарандык коргонуу кызматынын жыйыны өтүп, шаар аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий