• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев: Быйыл 10 айылдын таза суу маселеси чечилет

Өкмөт 0

Бишкек, 05.10.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусуна жумуш сапарынын алкагында Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл округундагы суу менен камсыздоо системасынын ачылыш салтанатына катышты.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, өлкө Президенти Сооронбай Жээнбеков калктын жашоосун жакшыртууда көргөн маанилүү кадамдардын бири жарандарды ичүүчү таза суу менен камсыздоо болуп саналат.

«Мамлекет башчы аймактарды өнүктүрүүгө, айрыкча калкты ичүүчү таза суу жана сугат суусу менен камсыздоо маселелерине өзгөчө маани берет. Бул маселени комплекстүү чечүү жарандардын жашоо-турмушун бир топ эсе жакшыртып, айыл чарбасын өнүктүрөт. Ар бир айылда таза суу жеткиликтүү болушу үчүн көп иштер жасалууда. Бүгүн биз кубанычтуу окуяны белгилеп жатабыз – Кыргыз-Ата айыл округу үчүн суу менен камсыздоо тутуму курулду, ал 20 миңден ашуун адамды ичүүчү таза суу менен камсыздайт. Бул үчүн 71 км түтүк орнотулган. Мындай оңдуу саамалыктар өлкөнүн бардык райондорунда жана айылдарында ишке ашып жатат. Бул зор бакыт, себеби суунун сапатынан адамдын ден соолугу түздөн-түз көз каранды. Суу – бул өмүр булагы. «Таза Суу» программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк банктын жана Ислам өнүктүрүү банкынын аракеттешүүсү менен Чүй, Ош, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын 117 айылын камтыган масштабдуу долбоор үзүрлүү ишке ашырылууда. 94, 2 млн АКШ долларына бааланган долбоор үч баскыч менен жүзөгө ашырылат. 2018-жылы 17 айылда суу менен камсыздоо системаларынын курулушу аяктаган», - деди Өкмөт башчы айылдыктардын алдында сүйлөгөн сөзүндө.

Премьер-министр билдиргендей, 2019-жылы Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосу менен 10 айылдын таза суу маселеси чечилет.

«Учурда Жалал-Абад облусунун 24 айылын камтыган долбоордун сметалык-долбоордук иш кагаздары даярдала баштады. Бул долбоор Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат. Мындан тышкары Нарын, Талас жана Баткен облустарынын 133 айылын камтыган 90 млн АКШ долларынан ашык ири долбоор Ислам өнүктүрүү банкы жана Азия өнүктүрүү банкы аркылуу 2020-2023-жылдардын аралыгында ишке ашырылат», – деп белгиледи ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев эл аралык донорлорго инфрастуктура тармагын мындан ары өсүшүнө жана анын ичинде калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоодо көрсөтүп жаткан эбегейсиз жардамы үчүн Өкмөттүн атынан ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий