• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында сууга түшүүдөгү негизги эрежелер тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 19.06.20./Кабар/. Нарын облусунун аймагында сууга түшүүдөгү негизги эрежелер тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын райондук жана шаардык Өрткө каршы куткаруу бөлүмдөрү тарабынан калк арасында көлмөлөргө жана дарыяларга сууга түшпөө тууралуу түшүндүрүү жүргүзүлдү.

Райондук мамлекеттик администрациялар жана шаар мэриялары тарабынан атайын буйруктар, иш-пландар иштелип чыгып, сууга түшүү объектилеринин ээлерине, эс алуучу жайларды иштеткен ишкерлерге жана жергиликтүү тургундарга эскертүү берилди. Мындан сырткары, эң кооптуу 24 жер участкасына “Сууга түшүүгө мүмкүн эмес!” деген эскертүү тактайчалары орнотулган.

Негизинен Нарын облусунун аймагында эл көп чогулуп, сууга түшүүгө атайын ылайыкташтырылган жерлер жок. Маалыматка ылайык, облустун аймагында баардыгы болуп 96 суу объектилери бар. Тактап айтканда, 22 дарыя, 23 суу сактагыч, 8 көлмө, 43 канал.

Облустун аймагында жалпысынан 32 жолу жергиликтүү тургундар үчүн түшүндүрүү иш-чаралары болуп өттү.

Белгилей кетсек, бул иш-аракеттер өлкөнүн бардык аймагында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий