• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда вирустук гепатитке кабылгандардын саны 3 эсеге азайды

Аймак 0

Бишкек, 30-март /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 2017-жылдын алгачкы эки айында вирустук гепатитке кабылып, оорудан жабыр тарткандар саны өткөн 2016-жылдын экинчи айына салыштырмалуу үч эсеге азайган. Бул тууралуу облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Хадича Пратова билдиргенин Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Анын айтымында, өткөн жылдын алгачкы эки айында 29 атуул вирустук гепатит оорусуна чалдыккан болсо, быйылкы жылдын 2-чи айында 9 оору катталган.

“Бул оорунун эң кыйын жери бир жылга чейин оорунун белгиси байкалбаганында. Оору дени соо кишиге вирус менен булганган тамак-аш, оюнчук, сүлгү, идиш-аяк, жуулбаган кир колдор аркылуу жугушу мүмкүн. Жалал-Абад шаарында январь, февраль айларында 9 киши аталган оору менен катталып, алар дайыма биздин көзөмөлүбүздө болуп, медицина кызматкерлери алардын үйлөрүнө жума сайын барып, текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат. Биз азыр шаар тургундарына, бала-бакчаларда, мектептерде түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп жатабыз”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, жугуштуу оорулардын алдын алуу, ушул багытта дарыгерлердин билимин арттыруу максатында област боюнча 17 дарыгер Бишкек шаарына барып, билим-тажрыйбаларын арттырып келүүгө даярданып жатышат.

Пикир

Оставить комментарий