• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кайгуул кызматкерлери алыскы аймактарга каттаган айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек 19.01.22. /Кабар/. Бишкек шаардык милициясы боюнча Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагынан сырткары башка аймактарга каттаган таксилердин айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүүдө.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, калың туман болуп, аба ырайынын өзгөрүүсүнөн улам түшүндүрүү жана эскерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

"Кызматкерлер чыгыш жана батыш автобекеттердеги жана Аламүдүн, Ош базарларындагы Бишкек-Ош, Бишкек-Балыкчы, Бишкек-Казарман жана башка каттамдарга каттаган таксилердин айдоочуларына жеринен жолугуп, автоунаанын техникалык абалын, түнкүсүн туманга каршы жарык берүүчү каражаттардын, өрт өчүрүүчү жана санитардык талаптарга жооп берген дары-дармектердин болуусун текшерүүгө алууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий