• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бейшеналиев: Кыргызстанда коронавирус менен учурда 6,4 миң адам ооруп жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 19.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус менен учурда 6 миң 403 адам ооруп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, 15 күндөн бери коронавирустун жаңы толкуну жүрүүдө.

“Бир суткада 500-900 адам ооруп, 1-3 жаран каза болууда. Өлкө аймагындагы 6 миң 403 адамдын ичинен 1 миң 20сы стационарда дарыланып жатат”, - дейт ал.

Министр ооруканаларда дары-дармектин жана жеке коргонуучу каражаттардын жетиштүү кору бар экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий