• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирустан 4 миң 153 адам дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 16.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирустан 4 миң 153 адам дарыланууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, стационарда 2 миң 202, амбулатордук түрдө 1 миң 951 адам дарыланууда.

Белгилей кетсек, 16-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 431 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 51 миң 20ны түзөт. Алардын ичинен 45 миң 288 киши айыгып чыкты, 1 миң 103 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий