• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Республикалык штаб: Stop COVID-19 KG тиркемеси жөнүндө көп берилген суроолорго жооп

COVID - 19 0

Бишкек, 15.04.20./Кабар/. Stop COVID-19 KG тиркемеси жөнүндө көп берилген суроолорго жооп.

1. Адамдын саламаттыгына мониторинг жүргүзүү системасы жана Stop COVID-19 KG мобилдик тиркемеси кимдер үчүн түзүлгөн?

Инновациялык чечим үй карантиндеги жарандар жана медицина кызматкерлери үчүн түзүлгөн.

2. Демилгени түзүүнүн максаты?

Инновациялык чечимдин стратегиялык милдети улуттук коопсуздук, жарандарды жана жалпысынан медицина кызматкерлерин коргоо максатында коронавирустун жайылышын азайтуу. Иштелме эпидемияга каршы күрөшүүнүн жана анын кесепеттерин жоюунун оперативдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Система саламаттык сактоо чөйрөсүнүн учурдагы жана келечектеги милдеттерин эске алуу менен иштелип чыккан.

3. Бул иштелме саламаттык сактоо чөйрөсүн санриптештирүү боюнча пландардын бир бөлүгү болуп саналабы?

Негизги медициналык каттоо карточкаларын электрондук форматка өткөрүүгө багытталган маалыматтык системаны иштеп чыгуу пландалган жана ал тесттик сыноодон өткөрүлүүдө. Ал улуттук жана эл аралык тажрыйбалардын негизинде иштелип чыккан. Ушул система менен бирге мобилдик тиркеме пилоттук режимде тесттик сыноодон өткөрүлүүдө. Адамды идентификациялоо адам өз алдынча жана ыктыярдуу түрдө берген\бербеген маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт. Борбордук система жана маалыматык база МТБМКнын инфраструктурасында иштейт, анда маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар каралган жана камсыз кылынган.

Ал эми адамдын саламаттыгына мониторинг жүргүзүү боюнча чечим бардык санэпидемилогиялык көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү бардык этаптарды бир бирдиктүү экосистемага бириктирди. Бул өз кезегинде актуалдуу, анык маалыматтарга жетүүнүн жана аларды талдоонун жардамы менен башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет.

4. Инновациялык шилтеменин мүмкүнчүлүктөрү?

• Үй карантиндеги жарандар үчүн – медициналыкперсонал менен дайым байланышта болуу мүмкүнчүлүгү. Адам базалык медициналык көрсөткүчтөрү боюнча маалымат бере алат жана дарыгерлер менен туруктуу онлайн байланышта болот. Тиркеменин жардамы менен, ошондой эле шашылыш учур келип чыккан учурда өз убагында жардам көрсөтүү үчүн медицина кызматкерлерине SOS баскычынын жардамы менен билдирүү жиберүү мүмкүнчүлүгү бар.

• Медицина персоналдары үчүн – жерине барууга убакыт жана каражат коротпостон көп сандагы адамдарга жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү. Жардам көрсөтүү жана өз убагында таасир этүү, жумушта оорчулуктарды азайтуу. Байланышпастан жана аралыктан жарандардын саламаттыгына жана үй карантиндин талаптарын аткаруусуна мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгү, мында байланыштын саны жана жуктуруп алуу коркунучу азаят.

• Мамлекет үчүн – санариптик чечимдердин жардамы менен коронавирус боюнча кыраалдын өнүгүшүнө мониторинг жүргүзүү жана маалыматты талдап чыгуунун негизинде стратегиялык чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгү. Жалпысынан бул эпидемияга каршы күрөшүү боюнча инновациялык инструменттердин бири болп саналат.

5. Инновациялык чечимди кимдер иштеп чыккан?

Бардык компоненттерди ата мекендик иштеп чыгуучулар иштеп чыгышкан жана эч бир сырткы иштелмелер пайдаланылбайт. Чечим Коронавируска каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча республикалык штабдын демилгеси менен иштелип чыккан. Белгилей кетүүчү сөз, акысыз кызмат көрсөтүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

6. Дүйнөлүк практикада ушуга окшош чечимдер барбы?

Ооба, ушуга окшош (бирок, дал ушундай эмес) системалар дүйнөнүн көпгөн өлкөлөрүндө ишке киргизилген. Ушуга окшош иштелмелердин жардамы менен жүргүзүлгөн мониторинг жана өз убагында аткарылган иш-аракеттер көп өлкөлөрдө коронавируска каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулаткан. Өзүбүздүн иштелмелерди иштеп чыгууда адистер мыкты практикаларды изилдеп чыгышкан жана аларды биздин реалдуулукка ыңгайлаштырышкан, анда артыкчылыктуу милдеттер – заманбап технологиялардын жардамы менен жарандарга жана медицина кызматкерлерине жардам берүү, саламаттык сактоо системасын жакшыртуу милдеттери эске алынган. Ресурс жана мобилдик тиркеме эпидемиологиялык эрежелерге жана Саламаттык сактоо министрлигинин, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштарына ылайык, ошондой эле коронавируска каршы күрөшүү боюнча дүйнөлүк тажрыйбаларды жетекчиликке алуу менен иштелип чыккан.

7. Бул чечимдин мыйзамдуулук негизи?

Биринчиден системага туташтыруу үй карантиндеги адамдын кат жүзүндөгү жана ыктыярдуу макулдугу менен гана жүргүзүлөт. Баш тарткан учурда – медицина кызматкерлери адамдын турган жерине барыпсаламаттыгына мониторинг жүргүзүшөт. Карантиндеги адамдар менен тиешелүү макулдашуу-милдеттенмеге кол коюлат.

Жалпысынан, мыйзамдык база - «Өзгөчө абал жөнүндө»Конституциялык мыйзамдын 22-беренеси, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары төмөндөгү өзгөчө чараларды аныктайт:

айрым жарандарга өз батирин (үйүн) таштап кетүүгө тыюу салууну,

милдеттүү түрдөгү санитардык-эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүүнү

байланышты пайдалануунун өзгөчө эрежелерин киргизүүнү.

Ошону менен бирге, бул инновациялык чечим жеке маалыматтарды коргоо жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерине, тактап айтканда - «Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө» Мыйзамдын 5-б., 9-б., 17-б., ошондой эле«Электрондук башкаруу жөнүндө» Мыйзамдын4-б., 11-б. дал келет.

8. Маалыматтар менен иштөө укуктук талаада кандайча жөнгө салынат жана маалыматтардын коопсуздугу кантип камсыз кылынат?

Биринчиден система кат жүзүндөгү жана ыктыярдуу макулдугу менен орнотула тургандыгына кайрадан көңүл бурабыз. Үй карантинине жайгаштырылган гана адамдардын каражаттарына орнотулат. Мындан кийин тиркемени колдонуучудан алынган маалыматты алуу жана жеке маалыматтары менен иштөө «Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө» Мыйзамынын 5-б., 9-б., 17-б.,ошондой эле «Электрондук башкаруу жөнүндө»Мыйзамынын 4-б., 11-б. ылайык жүргүзүлөт. Беренелерде кимдир бирөөгө жеке маалыматтарын берүү жөнүндө маселени жеке жактар өз алдынча чечишет жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнүн электрондук же башка формасын өзү каалагандай тандоого укуктуу деп берилген.

Автоматташтырылган система жана андагы маалыматтар купуялуу болуп саналат жана кызматтык пайдалануу үчүн багытталган. Мониторинг жүргүзүү системасына жетүү мүмкүнчүлүгү санитардык-эпидемиялык иш-чаралардыжүргүзүүгө, пандемияга байланыштуу өзгөчө абалдын алдын алууга жана кесепеттерин жоюууга жооптуу болгон чектелүү сандагы адамдарга берилет. Белгилей кетүү маанилүү, функционалдык милдеттерине жараша аныктала турган маалыматтарга жетүүнүн ар кандай деңгээлдери бар. Ишке тартылгандар, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, кызматтык милдеттерин аткаруунун жүрүшүндө алынган маалыматты ачыкка чыгарбоого жооптуу.

Иштеп чыгуучулар кол коюлган Акысыз кызмат көрсөтүү жөнүндө макулдашууга ылайык маалыматтар массивине жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес,

Системанын бардык компоненттери жана маалыматтар МТБМКнын инфраструктурасында сакталуу, анда маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар каралган жана камсыз кылынган. Бул инфраструктура уюштуруучулук жана уюштуруучулук-техникалык чаралар боюча бардык талаптарга дал келет. Мамлекеттик органдардын бардык тиешелүү корутундулары бар.

9. Бул чечимди башка ооруларга\эпидемияларга байланышкан көйгөйлөрдү чечүү үчүн колдонууга болобу?

Бул чечим жалпысынан саламаттык сактоо системасынын натыйжалуулугун жана потенциалын күчөтүүгө шарт түзөт. Азыркы учурда алдын алуучу жумуштар аткарыла турган жана ар кандай кырдаалдарга жол бербөө үчүн аналитикалык борбор түзүүнүн концепциясын иштеп чыгуунун үстүндөгү иштер башталган.

10. Иштелмеге канча каражат сарпталды, каржылоо булагы?

Инновациялык чечимдер жана андан кийинки жумуштар ата мекендик айти адистердин социалдык позициясынын алкагында коронавируска каршы күрөшүүгө жардам берүү максатында акысыз негизде ишке ашырылууда. Бул системаны иштеп чыгуу үчүн эч бир акчалай каражат сарпталган эмес, мында ата мекендик иштеп чыгуучулардын тажрыйбасы жана убактысы гана сарпталды.

11. Саламаттык сактоо чөйрөсүндө санариптештирүүнү жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча сунуштар менен кайда кайрылууга болот?

Санариптештирүүнүн негизги максаты бардык тараптардын керектөөлөрүн эске алуу менен санариптик кызматташуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат. Ийгиликтүү санариптештирүү - бардык кызыкдар тараптардын биригүүсүн жана ачыктык жана өнөктөштүк принциптеринин сакталышын талап кылат. Сын-пикирлер, идеялар жана сунуштар бар болгон учурда – goskom.its@gmail.com кайрылууга болот.

Пикир

Оставить комментарий