• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 6 бейтап реанимацияда жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 6 бейтап реанимацияда жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 245 адам бейтапканаларда дарыланууда.

"Коронавирус жуктурган 13 адамдын абалы оор, анын ичинен алтоо реанимацияда жатат. 47 бейтаптын абалы орточо оор. 185 бейтаптын абалы канааттандырарлык", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 4-майга карата коронавирус жуктурган 35 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 830ду түзөт. Алардын ичинен 575 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 10 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий