• 88.68
  • 95
  • 0.95

COVID-19: Германия Кыргызстанды кооптуу аймактардын тизмесинен чыгарды

COVID - 19 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 11-февралынан тарта Кыргызстан кооптуу аймак болуп саналбайт жана кыргыз жарандары Германия мамлекетине кире алышат. Бул тууралуу Германиянын Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыяланды.

Тактап айтканда, 2022-жылдын 13-февралынан баштап SARS-CoV-2 коронавирусуна каршы эмдөөнүн толук циклин, Европанын дары-дармек агенттиги EMA тарабынан бекитилген вакциналардын бири (же үчүнчү өлкөлөрдө колдонулган бул вакциналардын эквиваленттеринин бири) менен эмделген адамдар Кыргыз Республикасынан Германияга кире алышат.

Бул жарандар үчүн кимдир бирөөнү зыярат кылуу же турист катары эс алуу максатка ылайык болуп эсептелет. Эмдөөнүн толук циклин алган адамдар керектүү визаны алуу үчүн Германиянын Бишкектеги элчилигине кайрыла алышат.

Эскертүү: Кооптуу аймактардын классификациясы кыска мөөнөттө өзгөрүп турушу мүмкүн. Германияга баруу алдында акыркы 10 күн ичинде кайсы өлкөлөрдө болгонуңузду текшерип алуу сунушталат.

Пикир

Оставить комментарий