• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн дагы 158 адамдан COVID-19 жаңы аныкталды. Жалпы 46 миң 90 учур

COVID - 19 0

Бишкек, 26.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда 26-сентябрь саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 158 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 46 миң 90 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 22
  • Ош - 9
  • Чүй облусу – 12
  • Ош облусу - 22
  • Талас облусу - 2
  • Нарын облусу - 3
  • Ысык-Көл облусу – 11
  • Жалал-Абад облусу – 34
  • Баткен облусу - 43

Пикир

Оставить комментарий