• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЖКда министрлер кабинетинин COVID-19га каршы жүргүзүп жаткан чаралары каралууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 19-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин коронавирус инфекциясынын жайылуусун болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндөгү маалыматы каралууда.

Алгач баяндама жасаган министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов коронавирус илдетине байланыштуу кошумча чектөөлөр киргизилбей тургандыгын белгиледи.

Ал эми саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 15 күн мурун төртүнчү толкун башталганын маалымдап: “Күн сайын 500дөн 900гө чейин оорулуулар катталып, 1-3 киши каза болууда. Жалпысынан учурда 6403 адам коронавирус илдети менен ооруп жатат”, – деди.

Муну менен катар дары-дармек 3-4 айга жетээрлик көлөмдө бар экенин белгилеп: “Андан тышкары, бир жылдын ичинде кошумча 230 тез жардам унаасы алынып, муктаж аймактарга таратылды” – деп маалымдады.

Илдетти жеңүүнүн башкы мүмкүнчүлүгү вакцина алуу экенин айткан министр: “Жети вакцинанын түрү бар жана баары жетиштүү. Бүгүнкү күндө 1 млн 274 миң 688 адам биринчи дозадагы вакцина алып, экинчи дозасын 1 млн 65 миң 471 адам алды. Азыркы тапта 23 миңден ашуун адам үчүнчү дозасын алууга жетишти”, – деди.

Талкуу суроо-жооп иретинде уланууда.

Пикир

Оставить комментарий