• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Калыс Ордо" аксакалдар коомунун Президентке жана жалпы элге кайрылуусу

Коом 0

Бишкек, 19.07.19 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын "Калыс Ордо" аксакалдар коомунун КР Президентине жана жалпы коомчулукка болгон кайрылуусу жарыкка чыкты. Анда Коомдун мүчөлөрү учурдагы өлкөдөгү абалга байланыштуу мамлекет башчысына С.Жээнбековго, жалпы элге жана аны менен кошо экс-президент А.Атамбаевге жолдоп, кайрылуу менен чыгышкан. "Кабар" агенттиги Кайрылууну толугу менен келтирет:

Кыргыз Республикасынын Президенти

Сооронбай Шарипович Жээнбековго

Урматтуу Кыргыз Элине

КАЙРЫЛУУ

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Кыргыз Рөспубликасынын Конституциясынын башкы сөзүндө - укуктун үстөмдүгүн камсыздоо менен социалдык адилеттикти, теңдикти, элдин экономикалык бакубатчылыгы менен жыргалчылыгын жана руханий өнүгүшүн өргө сүрөөгө умтулуп, ата-бабаларыбыздын тынчтыкта жана ынтымакта жашоо, табият менен таттуу мамиледе болуу жөнүндө айткан ыйык осуятын туу тутуп, ушул Конституцияны кабыл алганбыз дөп таасын жазылган. Ал эми Конституциянын 60 - беренесинде:

Прөзидент мамлекет башчысы болуп саналат.

Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин көрсөтүп турат деп так жазылган.

Ошондуктан, Урматтуу Сооронбай Шарипович, Сиз мамлекет башчысы болгондуктан, Журт башы катары республикабыздын баардык жарандарынын эркин укугун жана коопсуздугун камсыздандыруу боюнча гарант болуу - ыйык вазыйпаныз деп билебиз!

Биз, жети дубандын коомчулугунун аксакалдары, республикабызда түзүлгөн учурдагы терс кырдаалга өтө тынчсыздануудабыз. Сизден суранаарыбыз, учурдагы кырдаалды оңдоо үчүн, тез арада улуу жоопкерчилик менен баардык аракеттерди колдонуп, Журт алдында берген антыңызды адилеттүү аткаруу менен, мыйзамдуулукту туу тутуп, араздашкан тараптардын мүдөөсүн укук талаасында каралышына гарант болушуңузду терең ишеним менен күтөбүз.

Урматтуу Президент!

Сизди жалпы эл чоң үмүт менен шайлаган. Сиздин таянаар тооңуз - Кыргыз элинин ишеними! Мамлекеттин стабилдүүлүгү үчүн мыйзамдуу чөчимиңизди жалпы эл колдойт! Үчүнчү төңкөрүшкө элибиз жол бербейт!

Кыргыз Рөспубликасынын мурдагы Президенти Атамбаөв Алмаз Шаршеновичке да кайрылуубуздун себеби бар.

Жогоруда биз бөлгилеп кеткен Кыргыз Республикасынын Конституциясындагы алгачкы сөздөрү, Сиздин Президенттик мөөнөттү өтөп турганда, (КР 2016-жылдын 11-декабрындагы бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынып, ошол кездеги Жарлыгыңыз менен жарыяланган. Сиз Президент болуп турган учуруңузда коомчулук алдына байма-бай чыгып, баарыбыздын даражабызга, кызматыбызга жана улутубузга карабай, кабыл алынган баш мыйзам менен жашоону үндөп, ишендирип эле келбей, укук багытында талап кылып келгенсиз. Демек, эл журтка арткан ишенимиңиз бүгүнкү учурда тагдырдын таразасына кабылып, сыноого тушуккан тагдырыңызды сабырдуулук менен кабыл алып, жеке укугуңузду мыйзам аркылуу коргоп алууңузду эл талап кылууда. 2011-2017-жылдардагы Сиздин бийлик учуруңузда саясий куугунтуктан жапа чегип, азап-кордук тарткан кыйла мамлекеттик, коомдук ишмерлердин, ММК өкүлдөрүнүн толук акталышы дагы эле күн тартибиндө көйгөйлүү маселе боюнча калууда.

Учур Сизди оор сыноодон өткөрүүдө. Сиздин мыйзамга көрсөтөөр урматыңызды элибиз ишеним менен күтөт. Эл ишенимин актасаңыз, мыйзамды барктайсыз. Ал эми биз - коомчулуктун аксакалдары, Сизди дагы мыйзам чегинде жеке укугуңузду коргоп алууга аракет кылууга чакырабыз.

Учурга жараша жалпы коомчулукка да кайрылабыз. Себеби, жакынкы эле тарыхыбызда, мамлекетибиздеги эки ыңкылап аралыгында, мыйзамдар иштебей калгандыктан, талап-тоноо бүлгүнчүлүк башталып, башаламандыктан далай адамдар өмүрүнөн ажырады. Ата-энелерин боздотуп, туугандарын сыздатса, үй-жайын таштап качып-озгондор көбөйүп, саясий-экономикалык жана социалдык каатчылыктарга кабылып, кыйла кыйынчылыктарды башыбыздан өткөргөндүгүбүз баарыбыздын эсибизде.

Кайрылуубуздун жыйынтыгында, Жараткандан жумурай журтубузга ырыс-ынтымак, бакубаттыкты тилейбиз!

«Калыс Ордо» жыйынынын жалпы катышуучуларынын макулдугу менен. (Жыйындын катышуучуларынын тизмөги тиркелет.)

Жыйындын төрагасы О. Шаршенов

Катчысы Ж.Турганов

Бишкек шаары 11.07.2019 ж.

Кайрылууга Кыргызстандын жети дубанынын өкүлдөрү кирген аксакалдардын тизмеси тиркелген. Анда Чүй областынан Апас Жумагулов, Карыбек Алымкулов, Жалал-Абад областынан Жылдызбек Турганов, Калдарбек Абдраманов, Ысык-Көл областынан Жумгалбек Сааданбеков, Өмүрбек Эгембердиев, Таластан Дастан Сарыгулов, Баткен областынан Hyp уулу Досбол, Абдыкаим Абсатаров, Нарын областынан Кубат Осмонбетов, Эсенбек Мамбетакунов, Ош областынан Кадырберди Байгазиев, Гульсана Эсенбаева, Бишкек шаарынан Болот Шамшиев, Топчубек Тургуналиев жана башкалар, баш-аягы болуп 54 аксакал кол коюшкан.

Пикир

Оставить комментарий