• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш өткүр болуш керек – ишкер

Коом 0

Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. КР Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши өткүр болушу керек. Бул тууралуу аталган кеңештин биринчи жыйынында Токмоктун чакан жана орто бизнес биримдигинин башчысы Батырбек Сыдыгалиев билдирди.

Анын айтымында, ишкердик кеңеш ишкерлерде пайда алып келе турган чечимдерди жана сунуштамаларды иштеп чыгышы керек.

Ошондой эле Сыдыгалиев аймактардан келген мүчөлөрдү кеңештин ассоциация кеңешине кошуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Баткендеги ишкерлер кеңеши же биз Токмокто жеринде күрөшүп жатабыз. Мага азыр эле чалып, салыкчылар бизнести текшерип жатканын айтышты»,-деди ал.

Биримдиктин башчысы кеңеш багыт көрсөтүүчү болуш керек деп белгиледи.

«Мен биринчиден ассоциация кооз сүйлөгөнүн эмес, сиздер аткарган иштериңиздер тууралуу резюме алып келүүнүңүздөрдү каалайт элем. Ооба, ассоциация жандуу болуусу зарыл, мүчөлүк акылар болушу керек, бирок жыйынтык боюнча караш керек»,-деп толуктады ал.

Пикир

Оставить комментарий