• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирус. Ысык-Көлдө 3 адам карантинге алынды

Коом 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда изолятордо 3 адам жатат. Алардын бирөө Сауд Арабиясынан, экөө Германиядан келген. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, үй карантининде 12 киши жатат.

"Германиядан келген эки жаран изоляторго жаткысы келбегендиктен аларды мажбурлап жаткырууга туура келди", - деди ал.

Ал, алардын анализдери лабораторияга жөнөтүлгөнүн белгиледи.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда Сузак районунда (Жалал-Абад облусунда) үч адамда коронавирус аныкталган. Алар 12-март күнү Сауд Арабиясынан келишкен. Мындан Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий