• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек шаарында кезектеги азык-түлүк жарманкеси өтөт

Коом 0

Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. Бишкек шаарында 10-11-апрель күндөрү кезектеги азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жарманке Биринчи май райондук администрациясы, И.Раззаков-Киев, Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жана Свердлов райондук администрациясы, Т. Айтматов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт.

Азык-түлүктөрдүн баасы:

Уй эти — 390-405 сом;

Жылкы эти — 380-390 сом;

Кой эти — 400-405 сом;

Тоок эти — 200-210 сом;

“Царь” суу майы — 130-132 сом;

“Лучазерное” суу майы — 130-132 сом;

“Ласка” суу майы — 130 сом;

Фирма жумурткасы — 75-85 сом;

Үй жумурткасы — 90-95 сом;

Кайыңды шекери — 56 сом, 5 кг 280 сом;

Алма — 30-60 сом;

Сабиз — 10-15 сом;

Картөшкө — 28 сом;

Пияз — 14-16 сом;

Ун — 27-38 сом.

Пикир

Оставить комментарий