• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

27-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Коом 0

Бишкек, 26.10.22. /Кабар/. Эртең, 27-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эртең саат 9.00дөн 17.00гө чейин ЧЧКнын Чыгыш каналы, Достоевский көчөсү – темир жол линиясы Аламүдүн суусуна чейинки чектешкен райондо турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемесинде, саламаттыкты сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү суу токтотулат.

Суу «ХБО» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алууларын суранат.

Пикир

Оставить комментарий