• 88.68
  • 95
  • 0.95

Динара Кемелова менен Түркмөнстандын элчиси Панфилов мектеп-интернатына барышты

Коом 0

Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 1-июнь - Балдарды коргоо эл аралык күнүнө карата тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Кыргызстандагы дипломатиялык корпустун дуайени – Түркмөнстандын элчиси Шадурды Мередов менен биргеликте жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн К.Тилебалиев атындагы Панфилов мектеп-интернатына барышты.

ТИМден билдиргендей, балдар мекемесинде министрдин орун басары Кемелова жана Түркмөнстандын элчиси Мередов мектептин инфратүзүмү, тарбиялануучулардын тиричилик жана жашоо шарттары менен таанышышты.

Өз сөзүндө министрдин орун басары мектеп окуучуларын Балдарды коргоо эл аралык күнү менен куттуктап, жаш жеткинчектерге мээримин төгүп, кам көргөндүгү жана жаш муунга тарбия бергендиги үчүн интернаттын мугалимдерине жана тарбиячыларына ыраазычылык билдирип, алардын жооптуу миссиясынын маанилүүлүгүн белгиледи.

КР Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен Кыргызстанда аккредитацияланган дипломатиялык корпус, Ардактуу консулдар клубу жана ЕККУнун программалык кеңсеси тарабынан акча каражаты чогултулуп, эмерек жана тиричилик техникасын сатып алуу үчүн мектеп интернатка тапшырылды.

Ошондой эле Түркмөнстандын элчиси Мередов тарабынан ар кандай жанрдагы китептер, спорт шаймандары жана таттуу белектер берилди.

Өз кезегинде мектеп-интернатынын тарбиялануучулары коноктор үчүн майрамдык концерт уюштурушту.

Мындан тышкары, дүлөй балдар үчүн Кара-Суу атайын жалпы билим берүү мектеп-интернатына акча каражаты жана тиричилик техникасы түрүндө жардам көрсөтүлүп, бул жардам балдар мекемесине баруу учурунда КР ТИМнин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери тарабынан тапшырылды.

Министрлик дипломатиялык корпуска, Ардактуу консулдар клубуна жана ЕККУнун программалык кеңсесине ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий