• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш долбоору Ташкентте көрсөтүлөт

Коом 0

Бишкек, 29.04.24. /Кабар/. Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш долбоору 2-3-майда өтө турган Ташкент эл аралык инвестициялык форумунда көрсөтүлөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, учурда форумга даярдыктар дээрлик аягына чыгып калды.

"Азырынча ачыктабай турайын, бирок негизги багыты Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун көрсөтүү болмокчу", - деди ал.

Ошондой эле министр форумдун алкагында 1,5 миң МВт кубатуулуктагы Чаткал ГЭСин куруу талкууланырын маалымдады.


Ташкент эл аралык инвестициялык форуму (ТМИФ) – бул Ташкент үчүн гана эмес, жалпы аймак үчүн дагы масштабдуу окуялардын бири. Анын программасына салттуу түрдө төмөнкүлөр кирет: мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги пленардык сессия, 50дөн ашык эксперттик талкуу жолугушуулары, анын ичинде панелдик сессиялар, тегерек столдор жана B2B сүйлөшүүлөрү.

Пикир

Оставить комментарий