• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кантта базальт буласын чыгарган завод ачылды — сүрөт

Экономика 0


Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Кантта базальт буласын чыгарган завод тесттик режимде иштей баштаганын Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган фонд “Изо-Пенопласт ЛТД” ЖЧКсына базальт буласын чыгарган заводдун курулушуна каражат бөлгөн.

Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков заводду кыдыруу учурунда министрлер кабинети менен бирге Кыргызстандын өнөр жай потенциалын өнүктүрүүнү улантып жатканын айтты.

“Бүгүнкү күндө өлкө 100 пайыз базальт буласын сырттан алып келет. “Изо-Пенопласт ЛТД” ЖЧКсы базальт буласын чыгарган жападан жалгыз ишкана болот. Ал жылына 200 миң тонна даяр продуктуну чыгарып, 100 жумушчу орунду түзүп берет”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий