• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салыкчылар акциздик маркалардын аныктыгын текшерүү боюнча билимдерин өркүндөтүштү

Экономика 0

Бишкек, 27.11.18. /Кабар/. Республикадагы салык органдарынын рейддик салыктык контроль жүргүзгөн 145 кызматкери алкоголдук жана тамеки продукциясына акциздик маркалардын аныктыгын текшерүү боюнча билимин өркүндөтүштү.

Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашкандай, жыл сайын өтүүчү семинарлар Кыргыз Республикасында жана анын аймагынан тышкары акциздик маркаларды даярдоо жана жеткирүү боюнча кызматтарды көрсөтүү келишиминин алкагында, "Гарсу Пасаулис" ЖАК акциздик маркаларды даярдоочу–литва компаниясынын эксперттери тарабынан жер-жерлерде өткөрүлдү.

Окутуучу семинарлардын жүрүшүндө алынган билимдерди бекемдөө максатында, акциздик маркалардын коргоо элементтерин аныктоо үчүн приборлорду, атап айтканда, атайын фильтрди жана ультрафиолет лампаларын колдонуу менен, ошондой эле, мындай приборлорду колдонбостон, алкоголдук жана тамеки продукциясына акциздик маркалардын аныктыгын текшерүү боюнча практикалык сабактар уюштурулду.

Белгилей кетсек, Салык кызматы республика боюнча рейдик иш-чаралардын жүрүшүндө контрафакттык алкоголдук жана тамеки продукцияларын табуу боюнча иштерди күчөтүүнү көздөөдө.

Пикир

Оставить комментарий