• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айтматов атындагы парк кыргыз-белорус элинин ортосундагы достуктун символу катары кызмат кылаарына ишенем - Абылгазиев

Өкмөт 0

Бишкек, 27.11.18. /Кабар/. Минсктеги Чыңгыз Айтматов атындагы сейил багы бир тууган элдер ортосундагы достуктун жаркын символу катары кызмат кылаарына ишеним артам. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Минск шаарында(Беларусь Республикасы)Чыңгыз Айтматов атындагы парктагы эстелик белгинин ачылыш салтанатында билдирди.

Өкмөт башчы кыргыз элинин, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жана жеке өзүнүн атынан Беларусь Республикасынын жетекчилигине, ошондой эле Минск шаардык аткаруу комитетине Чыңгыз Айтматовдун наамын баатыр-шаар Минскинин борборундагы көркөмдүү паркка ыйгаруу тууралуу чечим кабыл алынгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Биздин өлкөнүн ар бир тургуну үчүн мааниси зор, кыргызстандыктардын гана эмес, жалпы дүйнөлүк коомчулуктун күнүмдүк турмушунун жана дүйнө таануусунун калыптанышына зор салымын кошкон адамдын элесин түбөлүккөкалтыруу тууралуу кабар биздин республикада кубануу менен жана Ч.Айтматовдун элесине терең таазим катары кабыл алынды. Бул парк биздин бир тууган элдер ортосундагы достуктун жаркын символу катары кызмат кылаарына ишеним артам. Биз мында белорус элинин жаш мууну жана чыгармачыл адамдары бош убактысын өткөрүп, парктын деми адамзатынын келечек өнүгүүсүнө таасирин тийгизүүчү жаңы ойлордун, демилгелердин жана Чыңгыз Айтматов сыяктуу улуу жазуучулардын жаралышына шарт түзөт деп ишенебиз», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, Чыңгыз Айтматов дүйнөлүк, советтик жана улуттук маданият, адабият жана искусствонун өнүгүүсүнө чоң салым кошкон заманбап жазуучу жана философ болуп саналат.

Анын чыгармалары 180 ашуун дүйнөлүк тилдерге которулган жана 128 өлкөдө жалпы тиражы 100 млн нускадан ашуун көлөмдө басылып чыккан.

«Чыңгыз Төрөкуловичтин чыгармачылыгы кыргыз жана совет элинин бүтүндөй бир тарыхый доордогу руханий жашоосун чагылдырып, анын маңызын, тереңдигин жана философиясын ачып көрсөтөт. Анын ысмы руханийликтин белгиси, көптөгөн муундардын улуттук сыймыгынын өзөгү болуп калды. Биз кыргыз эли дүйнө жүзүнө улуу жазуучуну жана ойчулду белек кылганы менен сыймыктанабыз, анын чыгармачылыгынын негизи – жакшылык, сабырдуулук, боорукерлик жана кайрымдуулук, атамекенди, энени, жакындарды сүйүү жана тынчтыкка умтуулу болуп саналат», - деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев эске салгандай, быйылкы жылы Кыргыз Республикасы жана бүтүндөй дүйнө жүзү Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилеп жатат.

«Биз ушул маареке өтүп жаткан жылы улуу жазуучунун «Кылым карытар бир күн» китебинин белорус тилинде кайра басылып чыкканына, белгилүү кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөлөрү жана «Айтматов - дипломат» сүрөт көргөзмөлөрүнүн өткөнүнө кубанычтабыз, ошондой эле замандын улуу жазуучусунун 90 жылдыгына карата бир катар башка иш-чаралар өткөрүлдү, - деди Премьер-министр. – Бизди көп нерсе бириктирип турат – биз бир чоң өлкөдөжашап, биргеликте аны коргогонбуз. Биз ошондой эле Минсктин көчөлөрүнүн бирине мекендешибиз – Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин ысмы ыйгарылышы менен сыймыктанабыз».

Кыргыз Республикасындагы Беларусь Республикасы тууралуу айтып жатып Өкмөт башчы белгилегендей, өлкөбүздүн борборунда эле эки элдин достугун байланыштырган бир катар көчөлөр бар – бул Беларусь, Минск, Брест жана Витебск көчөлөрү.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын жазуучусу жана акын, эмгек сиңирген ишмер, Ч.Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреатынын салымын белгилөө менен Мухаммедкалый Абылгазиев беларусь элинин уулу Имщеницкий Николай Ивановичтин ыр саптарын окуду.

Иш-чарага ошондой эле Беларусь Республикасынын Премьер-министри Сергей Румас, дипломатиялык миссиялардын бир катар өкүлдөрү катышышты.

Пикир

Оставить комментарий