• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кепилдик фонду 2020-жылдын январь айында 10,6 млн сомго 81 кепилдик берген

Экономика 0

Бишкек, 29.01.20. /Кабар/. 2020-жылдын январь айы кепилдиктерге “жемиштүү” болду. Бул тууралуу "Кепилдик фонду" ААКсынын расмий сайтында маалымдалат.

Ведомстводон кабарлашкандай, январь айында фонд жалпы суммасы 10,6 млн сом болгон 81 кепилдик бекиткен, ал кепилдиктин алдында өнөктөш-банктар ишкерлерге жалпы көлөмү 20,9 млн сом болгон насыяларды бекитти.

Кепилдиктер кайсы регионго жана кайсы долбоорго берилди?

Мисалы, Нарын районунун Жалгыз-Терек, Алай районунун Сары-Таш, Кадамжай районунун Сур айылдарынын ишкерлери кредитти сүт багытындагы малдарды алууга сурашкан. Башкаларга кредит жүгүртүү каражатын толуктоого керек болгон. Алардын арасында Араван районунун Чогом жана Араван, Алай районунун Орто-Суу айылдарындагы жана Бишкек менен Өзгөн шаарларындагы ишканалар бар.

Январь айында турак-жай эмес жайды сатып алууга насыя алуу үчүн “Кепилдик фонду" ААКтын кепилдиги түштүк борбордогу ишкерге берилген.

"Ишмердүүлүктүн башынан бери 2020-жылдын 28-январына карата фонд жалпы суммасы 1 686 млн сом болгон 1683 кепилдик берген. Бул кепилдиктердин алдында өнөктөш-банктар жалпы көлөмү 5 млрд 678 млн сом кредиттерди бекиткен", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий