• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Улуттук банк дагы интервенция жасады

Экономика 0

Бишкек, 21.11.20. /Кабар/. Улуттук банк сомдун курсун турукташтыруу үчүн валюта рыногунда интервенция жасады. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылат.

Кечээ, 20-ноябрь күнү Улуттук банк валюта рыногуна 2 млн 50 миң доллар (бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен) саткан.

Ушуну менен Улуттук банк ноябрь айынын эсеби менен алтынчы жолу, ал эми жыл башынан бери валюта рыногунда 21-ирет интервенция жасап жатат.

Белгилей кетсек, акыркы жумаларда Кыргызстанда доллардын курсу 85 сомдун тегерегинде болууда.

Пикир

Оставить комментарий