• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

МСК: Салык боюнча план октябрда 1,4 млрд сомго ашыгы менен аткарылды

Экономика 0

Бишкек, 03.11.20. /Кабар/. Алдын-ала маалымат боюнча, Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 2020-жылдын октябрь айында 7 млрд 590,9 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр жыйналды.

Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, белгиленген план 123,4 пайызга аткарылып, 1 млрд 440 млн сомго ашыгы менен чогултулду.

2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 839,5 млн сомго көбөйгөн. Жалпысынан ушул жылдын 10 айында 62 млрд 646,1 млн сом салыктар жана төлөмдөр жыйналды.

Белгилей кетсек, акыркы 5 айда Салык кызматы тарабынан мамлекеттик бюджет боюнча артта калуулар 5,7 млрд сомго кыскартылган, себеби коронавирус пандемиясынын натыйжасында киргизилген чектөөлөрдүн айынан март, апрель жана май айларында салыктар боюнча план 6,4 млрд сомго түшүп кеткен болчу.

Белгиленген план 123,4 пайызга аткарылып, 1 млрд 440 млн сомго ашыгы менен чогултулду.

2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 839,5 млн сомго көбөйгөн.

Жалпысынан ушул жылдын 10 айында 62 млрд 646,1 млн сом салыктар жана төлөмдөр жыйналды.

Белгилей кетсек, акыркы 5 айда Салык кызматы тарабынан мамлекеттик бюджет боюнча артта калуулар 5,7 млрд сомго кыскартылган, себеби коронавирус пандемиясынын натыйжасында киргизилген чектөөлөрдүн айынан март, апрель жана май айларында салыктар боюнча план 6,4 млрд сомго түшүп кеткен болчу.

Пикир

Оставить комментарий