• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улуттук банк сомдун 25 жылдыгына карата эки коллекциялык тыйындарды чыгарды

Экономика 0

Бишкек, 10.05.18. /Кабар/. Кыргызстандын улуттук валютасынын 25 жылдыгына карата Улуттук банк эки коллекциялык тыйындарды чыгарган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында КР Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, биринчиси: “Тарыхый окуялар” сериясынан “КР улуттук валютасына 25 жыл” коллециялык тыйыны, экинчиси: “Улуттук музыкалык аспап” сериясындагы “Комуз” коллециялык тыйыны.

5 сом номиналындагы “КР улуттук валютасына 25 жыл” тыйыны – баасы 500 сом. Бардыгы болуп 5 миң даана чыгарылган.

“Комуз” тыйыны күмүштөн жасалган- баасы 2905 сом. 1000 даана чыгарылган.

Тыйындардын бардыгын Улуттук банктын кассаларынан сатып алууга болот.

Абдыгулов билдиргендей, Улуттук банк коллекциялык тыйындарды 1995-жылдан бери чыгарып келет.

“Бардыгы болуп 69 тыйын чыгарылган, алардын төртөө алтын, он алтысы күмүш”,-деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий