• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кантта дайынсыз жоголгон Мирбек Рысалиев изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 1985-жылы туулган Рысалиев Мирбек Жекшенбековичке издөө салат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 2022-жылдын 21-мартында Кант шаарынын 2-кичирайонунда жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 165-170 см, арыкчырай дене түзүлүштө.

Кийимдери: үстүндө кара түстөгү күрмө, кызыл түстөгү чакмак көйнөк, кара түстөгү шым, кара түстөгү бут кийим.

Өзгөчө белгилери: оң бутунун тизесине чейин күйүктөн калган так бар.

“Мирбек Рысалиевдин кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: Чүй ОИИББнын нөөмөт бөлүмү (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, Ысык-Ата РИИБнин нөөмөт бөлүмү (0312) 61 69 07, 0708 45 78 46, 070188 62 95 (издөө тобу)”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий