• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Каныбек Осмоналиев 3-майга чейин камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.03.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен Каныбек Осмоналиев 2020-жылдын 3-майына чейин камакка алынды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Осмоналиев 3-майга чейин УКМКнын тергөө жайында болот.

Эске сала кетсек, 2-мартта Ала-Тоо аянтында экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чыгышкан. Акция саат 13.00дөн 17.00гө чейин улана тургандыгы айтылган. Бирок, кечки саат 17.00дө акциянын катышуучулары тарабай, чогулгандардын бир тобу Ак үйдү көздөй барышкан. Милиция чогулгандарды тараткан.

Пикир

Оставить комментарий