• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы кармалды – УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.01.21. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы М.С. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Савай айылындагы мектептин спорт залын курууда 1 млн сомдон ашык суммага ашыкча көрсөтүлгөнү аныкталды. Ошондой эле М.С. айрым жооптуу адамдар менен биргеликте аталган объекттин сапатсыз аткарылганына карабастан пайдаланууга берген.

УКМК Ош шаары жана облус аймагында ар кандай мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүүгө уюшкан кылмыштуу топту түзүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүүдө. Анда М.С. күбө катары сурак берүүдө.

М.С. Оштогу УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий