• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Сууда айыл чарба продукциясынын жарманкеси өттү

Аймак 0

Бишкек, 24.02.23./Кабар/. Кара-Суу районунда жазгы талаа жумуштарына даярдыктарды көрүү максатында ирригация, үрөн, жер семирткичтер, лизинг, айыл чарбасын каржылоо жана ветеринария тармагындагы маселелер боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков, Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов, Кара-Суу районунун акими, райондук агрардык өнүктүрүү жана ветеринардык башкармалыктардын башчылары, мал базарлары жана мал союлуучу жайлар жайгашкан айыл өкмөттөрүнүн башчылары, үрөн жана асыл тукум чарбалардын жетекчилери, айыл чарба кооперативдеринин жетекчилери, мал базарлар жана мал союучу жайлардын ээлери катышты.

Мындан сырткары, иш-чаранын алкагында жарманке өтүп, Ош облусунда өндүрүлгөн айыл чарба продукциялары, асыл тукум мал-жандыктар жана айыл чарба өсүмдүктөрү көргөзмөгө коюлду.

Пикир

Оставить комментарий