• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Жыгачта мас айдоочу жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп кеткен

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.01.20. /Кабар/. Кара-Жыгач айылында мас айдоочу 27 жаштагы жигитти өлтүрө сүзүп кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБсинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 5-январында болжол менен саат 5те Аламедин районундагы Кара-Жыгач айылында белгисиз унаанын айдоочусу мас абалында батыштан чыгышты көздөй бара жатып жөө жүргүнчүнү коюп кеткен. Анын натыйжасында 1992-жылы туулган К.Э. аттуу жаран алган жараатынан жеринде каза болгон.

Белгилүү болгондой, Аламедин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ошол эле күнү ВАЗ-21015 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, Кара-Жыгач айылынын тургуну 1992-жылы туулган С.Р. кармалган.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган. Айдоочу Бишкек шаарындагы убактылуу кармоочу жайына, унаасы айып унаа токтотуучу жайга киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий