• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР чек арачылары 100 миң куту аткезчилик чылымды аныкташты

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.05.18. /Кабар/. КР чек арачылары 100 миң куту аткезчилик чылымды аныкташты,-деп билдирет КР Мамлекеттик чек ара кызматынын (МЧК) коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү.

Биргелешкен “Бирлик-2018” чек ара операциясынын жүрүшүндө “Чоң-Капка-унаа жолу” көзөмөл-өткөрмө жайында атайын жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында чек арачылар КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы (УКМК) менен биргеликте “Мерседес-Гигант” үлгүсүндөгү унааны кармашкан. Анын ичинен тиешелүү документтери жок жүк табылган.

Автоунаа Кыргызстандан Казакстан аркылуу Россияга бара жаткан. Аны текшерүү учурунда жалпы баасы 5 млн. сомдук 100 миң куту ар кандай маркадагы чылым аныкталган.

Чылым кутуларынын көпчүлүгүндө Тажикстандын акциздик маркасы чапталган.

Жүктү коштоп бара жаткандардын жанында документтер болгон эмес жана анын кайдан чыккандыгын түшүндүрүп бере алышкан жок.

Жүктү тиешелүү документтери жок өткөрүүгө аракет кылган КРдин үч жараны жана Россиянын жараны кармалган.

Тиешелүү документтер түзүлгөн соң жүк КР УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Биргелешкен “Бирлик-2018” чек ара операциясы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында чек ара бөлүмдөрүнүн, Кыргызстан менен Казакстандын компетентүү өкүлдөрү жана укук коргоо органдарынын катышуусунда өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий