• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Каракол" тоо лыжа базасына бара турчу жолго асфальт төшөө пландалууда

Коом 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. "Каракол" тоо лыжа базасына бара турчу унаа жолго асфальт төшөө пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр Тилек Текебаев Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын алкагында тоо лыжа базасына бара турчу жолдун абалы менен жеринен таанышты.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен алдыда бул жолду оңдоп, асфальт төшөө пландалууда. Ошондой эле, тротуар жана веложол куруу иштери ишке ашканы турат. Азыркы учурда жолду изилдөө иштери башталды.

Белгилей кетсек, буга чейин жергиликтүү бийликтин карамагында туруп, 2023-жылы министрликтин балансына өткөрүлүп берилген соң шагыл жол түздөлүп, тегизделип жана кышында кардан тазаланып турду.

Министрлик жети дубанда жайгашкан жаратылышы кооз жерлерге жете турчу жолдорду оңдоо жана кышкы кармоо иштерине өзгөчө көңүл бурууда.

Пикир

Оставить комментарий