• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Караколдо 105-сериядагы көп кабаттуу жаңы үй куруу пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 18.01.23. /Кабар/. Караколдо атайын конструктордук бюро менен 105-сериядагы көп кабаттуу жаңы үй куруу пландалууда.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, тендер Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Курулуш жана инженердик инфраструктура департаменти тарабынан жарыяланган.

Көп кабаттуу үй Кашка-Суу №14 кичирайонундагы Масалиев жана Иппоромный көчөлөрүнүн кесилишине салынмакчы.

Тендердин пландалып жаткан суммасы 298 млн 498 миң 630 сом, сынактык билдирүүлөрдү тапшыруунун мөөнөтү - 31-январга чейин.

Пикир

Оставить комментарий