• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери туристке жоголгон 3 миң долларлык фотоаппаратын кайтарып беришти

Аймак 0

Бишкек, 16.08.18./Кабар/. Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери туристке жоголгон 3 миң долларлык фотоаппаратын кайтарып беришти. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-августта саат 10:30 чамасында Ысык-Көл ОИИБне Германиянын жараны Ральф Сесок кайрылган. Аны англис тили курсун окуган милиция кызматкерлери кабыл алышкан.

Чет өлкөлүк турист өз кайрылууусунда жубайы жана уулу менен Ак-Суу районундагы Сары-Жаз зонасынын “Ичкели-Таш” туристтик маршрутунда болгонун айткан. 14-августта үй-бүлө такси менен Караколго барышкан. Шаарга жеткенде алар фотоаппаратын таксиге унутуп коюшканын байкашкан.

Андан соң милицияга жардам сурап кайрылышып, ошол күнү кечинде жоголгон буюм ээсине кайтарылып берилген.

Пикир

Оставить комментарий