• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Караколдо дээрлик 400 батир борбордук жылытуу тутумуна кошулду

Аймак 0


Бишкек, 23.10.23. /Кабар/. Караколдо 390 батир кайрадан борбордук жылытуу тутумуна кошулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасы тарабынан Кашка-Суу кичи районундагы откананын Жылуулук системасына кошулуп жаткан №11, 12 жана 13-үйлөрдөгү батирлердин жалпы саны 390ду түздү.

Бүгүнкү күндө "Кашка-Суу мектеп" отканасында ВОСТ М 1,16 МВт жана ВОСТ М 0,8 МВт үлгүсүндөгү 2 даана отказандар орнотулду.

Отказандарга кошумча жабдыктар тендер аркылуу өткөрүлүп, "Шатурный" аттуу ишкерлер тарабынан алынып келип, аларды орнотуу иштери соңуна чыгууда. Бул иштер аяктагандан кийин жылуулук өтүүчү түтүктөрдү текшерүү иши жүргүзүлөт.

"Көп убакыттан бери иштетилбей туруп калган, эскилиги жеткен түткүтүн бөлүктөрүн алмаштыруу иштери башталат. Кошумчалай кетсек азыркы учурда Кашка-Суу кичи районундагы батирлердин жер төлөлөрдүн ичкиү жылуулук системасы кайра башынан жаңыланып жатат", -деп айтылат маалыматта.

Бул иштер 2023-2024-жылдын күз-кыш айларына карата камылгалардын алкагында аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий