• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Караколдо КСДПнын XVI съездине талапкерлер шайланды

Аймак 0

Бишкек, 5-июль /Кабар/. Каракол шаарында 5-июлда 150дөн ашык КСДП партиясынын мүчөлөрүнүн катышуусунда партиялык конференция өттү. Маалымдалгандай, ага партиянын Ысык-Көл облусу боюнча координаторлору жана мүчөлөрү катышышты.

Добуш берүүнүн натыйжасында - Аскар Иманбаев, Ургазы Иманакунов, Фарида Мажиюн, Роза Баратова, Туганбек Чолпонбаев делегат болуп шайланышты. Мындан тышкары, катышуучулар аймактык уюмдардын иши тууралуу отчетту угушту. Шаардык кеңештин депутаты У.Иманакунов маанилүү делген – жол, бала бакча маселелерине токтолду.

Эскерте кетсек, 4-июлда өлкө боюнча КСДП партиясынын аймактык райондук жана шаардык партиялык конференциялары өтүп баштады. КСДПнын кезектеги съезди 15-июлда Бишкекте өтөт. Анда президенттикке партиялык талапкер аныкталат.

Пикир

Оставить комментарий