• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги Каражыгач багында жаңы балдар аянтчасы пайда болду

Коом 0

Бишкек, 26.07.23. /Кабар/. Бишкектеги Каражыгач багынын аймагында жаңы балдар аянтчасы пайда болду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, балдар аянтчасында турниктер жана селкинчектер орнотулган. Ошондой эле ата-энелердин ыңгайлуулугу үчүн отургучтар жана таштанды челектери коюлду. Ал эми эски аянтча демонтаждалды.

Белгилей кетсек, токойдун аймагында жарандардын ыңгайлуулугу үчүн таштанды челектерин бошотуу, тротуарларды жана жолдорду кардан тазалоо, майда жана авариялык бутактарды бутоо иштери күн сайын жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий