• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

БУУӨП климаттын өзгөрүшүнүн статистикалык көрсөткүчтөрүнүн топтомдорун изилдөө боюнча тренингдерди өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 03.08.23. /Кабар/. «Кыргыз Республикасындагы климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча иш-чараларды орто жана узак мөөнөттүү пландаштыруу жана ишке ашыруу үчүн Улуттук Адаптация Планын (УАП) иштеп чыгуу процессине көмөк көрсөтүү» БУУӨП-ЖКФ долбоорунун алкагында окутуучу семинарлар өткөрүлдү. Ал климаттын өзгөрүшүнүн статистикалык көрсөткүчтөрүн изилдөөгө жана аларды статистика, биоартүрдүүлүктү сактоо, айыл чарбасы, саламаттык сактоо, табигат кырсыктарын жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу тармактарында колдоонууга арналган.

Семинардын башкы максаты катышуучуларды жогоруда белгиленген тармактарда климаттын өзгөрүшүн изилдөө үчүн эл аралык статистикалык көрсөткүчтөрдү колдонууга окутуу, ошондой эле ушул тармактар үчүн улуттук көрсөткүчтөр тизмегин иштеп чыгуу болду. Ушул тармактарда климаттын өзгөрүшүнүн статистикалык көрсөткүчтөрүнүн эл аралык топтомдорун изилдөө аталган тармактарда эффективдүү пландоо, стратегияларды иштеп чыгуу жана чечимдерди кабыл алуу үчүн орчундуу мааниге ээ. Мындай талдоо климаттын өзгөрүшүнө таасир этүүлөрдү жакшы түшүнүүгө жардам берет, ошондой эле аларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон адаптациялоо чараларын жана ресурстарды аныктайт.

Семинарда катышуучулар климаттын өзгөрүшү тууралуумаалыматтарды топтоо, талдоо жана

түшүндүрүү боюнча акыркы маалыматтар менен таанышуумүмкүнчүлүгүнө ээ болушту жана төмөнкү темаларды окушту:

  • Климаттын өзгөрүшүнүн эл аралык статистикалык көрсөткүчтөрү.
  • Климаттын өзгөрүшүндөгү көрсөткүчтөргө карата тармактардын керектөөлөрү.
  • Аталган тармактарда улуттук деңгээлде пайдалануу үчүнклиматтын өзгөрүшүнүн статистикалык көрсөткүчтөрүнүн артыкчылыктуулугун аныктоо.
  • Климаттын өзгөрүшүнүн көрсөткүчтөрүн түзүүметодологиясы.

Өзгөчө тажрыйбалык сабактарга көңүл бурулду, анынжүрүшүндө катышуучулар каралып жаткан тармактар үчүн климаттын өзгөрүшүнүн улуттук көрсөткүчтөрүн иштеп чыгышты. Алардын артыкчылыктуулугун аныкташты, керектүү баштапкы маалыматтар менен камсыздоо маселелерин талкуулашты жана айрым көрсөткүчтөргө болжолдуу эсептөөлөрдү жүргүзүштү.

«Кыргыз Республикасындагы климаттын өзгөрүшүнөадаптациялоо боюнча иш-чараларды орто жана узакмөөнөттүү пландаштыруу жана ишке ашыруу үчүн Улуттук Адаптация Планын (УИП) иштеп чыгуу процессине көмөк көрсөтүү» долбоору климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоону пландоо процессин түзүү жана жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосуна жөнөтөлдү. Долбоордун негизги максаты климаттын өзгөрүшү боюнча адаптациялоо чараларын эффективдүү пландоо, тармактык жана аймактык деңгээлдердеги климаттык тобокелчиликтерди эске алуу, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо чараларына артыкчылыктуу инвестициялардын программасын аныктоо үчүн вертикалдуу жана горизонталдуу координациялоону жакшыртуу жана институционалдык базаны чыңдоо болуп саналат.

Окутуучу семинарлар ушул артыкчылыктуу тармактардагы кызматкерлердин компетенцияларын чыңдоого жана колдоого багытталган көптөгөн чаралардын бири болуп эсептелет.

Семинарлар адистердин квалификациясын кыйлажогорулатты, аларды климаттын өзгөрүшүнүн статистикасы жаатындагы билимдерге жана көндүмдөргө байытты, ошондой эле статистика, биоартүрдүүлүктү сактоо, айылчарбасы, саламаттык сактоо, табигат кырсыктарын жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу тармактарындагы статистикалык көрсөткүчтөрдү тандап жана эсептей билүү жөндөмдөрүн өнүктүрдү. Бул компетенцияны орчундуу жакшыртуу климаттын өзгөрүшүнө карата улуттук адаптация планын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруудагы маанилүү кадам болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий