• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Семенов Тянь-Шаньский" чокусуна чыгып кеткен РФ жараны дайынсыз болууда

Коом 0

Бишкек, 15.08.23. /Кабар/. Аламүдүн районунун Ала-Арча капчыгайындагы "Семенов Тянь-Шаньский" чокусуна чыгып кеткен россиялык жаранды издөөдөн натыйжа болгон жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы 14-июлда 1991-жылы туулган Россиянын жараны К.С. аттуу эркек киши Ала-Арча капчыгайындагы "Семенов Тянь-Шаньский" чокусуна чыгып, дайынсыз болгондугу тууралуу маалыматты 17-июлда туугандары билдиришип, издеп берүүнү суранган.

"Кечээ, 14-августта издөө иштерине 5 куткаруучу тартылып, натыйжа болгон жок. Издөө иштери убактылуу токтотулуп, куткаруучулар туруктуу жайгашкан ордуларына кайтышкан", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий