• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан дагы кайсы өлкөлөр менен аба каттамын жандандырат? Жарандык авиация агенттигинин жообу

Коом 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. Бүгүн "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Жарандык авиация агенттигинин аэропортторду сертификациялоо бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Карим Усманов алдыда кайсы мамлекеттер менен аба каттамы жандандырыла тургандыгын айтып берди.

Карантин алынгандан кийин Кыргызстан Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары, Россия менен аба каттамын жандандырган. Учурда Россияга эки авиакомпания жумасына бир жолудан каттап жатат.

"Туруктуу аба каттамдар боюнча Россия бар болуп жатат. Андан тышкары Кувейт бар. Бирок азырынча Кувейт карантинге жабык болууда", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий