• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында "Мен милиция болгум келет" аталышында сүрөт тартуу сынагы өттү

Аймак 0

Бишкек, 18.12.23. /Кабар/. Нарын шаардык ички иштер бөлүмү Нарын шаарынын орто мектептеринин арасында "Мен милиция болгум келет" аталышындагы сүрөт тартуу кароо сынагын өткөрдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектеп ичинен конкурстун негизинде эң мыкты делген сүрөттөр тандалган соң Нарын ШИИБде жетекчилик тарабынан орун алган окуучуларга ардак грамоталар, ыраазычылык каттар жана кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Сынактын жыйынтыгы боюнча 1-орунду №5 К.Жакыпов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Элдар Турганбеков, 2-орунду №10 Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Хализа Садырбекова жана 3-орунду №7 М.Сыдыков атындагы орто мектебинин 5-классынын окуучусу Зулайка Токтосунова камсыз кылышты.

Өз кезегинде Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары милициянын майору Нурлан Мааткеримов сынака катышкан окуучуларга ыраазычылыгын билдирип, окууларына ийгилик каалап,тилектери оруундалып милиция кызматкерлеринин катарына кошулушун тиледи.

Пикир

Оставить комментарий