• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте энелердин жөө жүрүшү өттү

Коом 0

Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. Энелер күнүнө арналган майрамдын урматына карата Бишкекте өлкөнүн 7 облусунан келген энелердин жөө жүрүшү өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Катышуучулар «Россия» кинотеатрынан баштап Горький сейил багына чейин басышты, сейил бакта концерттик программа, мастер-класстар жана энелер жасаган улуттук буюмдардын жарманкеси уюштурулду.

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров да куттуктоо сөз сүйлөп, чың ден соолук, бакубат жашоо каалады.

Бул иш-чара «Кыргызстан пенсионерлер партиясынын» демилгеси менен Биринчи май муниципалдык администрациясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгынын, «Бишкекжарык» жана «Тазалык» муниципалдык ишканаларынын колдоосунда уюштурулду.

Эске салсак, 2012-жылы Кыргызстанда Энелер күнү белгиленип, ал жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет. Быйыл майрам 15-майга туш келди.

Пикир

Оставить комментарий